БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында жубайы Раиса Атамбаевга "Эрдик" медалын ыйгарууну ойлогонун айтып тамашалады.
"Чынын айтканда жубайыма "Эрдик" медалын берейин дегем. 30 жылдан бери мага түтүп жүрөт… Татыды", — деп жылмайды президент.
Атамбаев салтанаттын жүрүшүндө президенттик мөөнөтү учурунда ага көрсөткөн колдоосу үчүн үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.