Өз энесин бычактаган уул, рэкетти кокуйлаткан пенсионер. 90-жылдардагы кылмыштар

CC BY 2.0 / Mr Seb / The diary of a psychopathБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун ноябрь айында төбө чачты тик тургузган айрым окуяларды эстеп көрдү.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 25-ноябрдагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 25-ноябрдагы саны

Рэкеттердин катыгын берген пенсионер

Кыргызстандык 60 жаштагы жаран Россиядан өзүнүн жеңил автоунаасы менен келе жатып Казакстандын чөлүндө жергиликтүү кылмышкерлерге туш болгон. Куралчан төрт жигит ишкерге тапанча такап, ташып келе жаткан жүгү менен бөлүшүүнү талап кылат. Эргулдар товарды уурдалган КамАЗга жүктөй баштаганда пенсионер катып койгон мылтыгын алып чыгып, алардын бирөөсүн жарадар кылат. Артын карабай дыргаяктап качкан шылуундардан жүгүн ал ошентип сактап калган.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 16-ноябрдагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 16-ноябрдагы саны

Уят, ай…

Кыргызстандык үч жоокер Азербайжанда аскердик кызмат өтөп жүрүшөт. Мекенине кайтаарына саналуу күндөр калганда жигиттердин бири күзөтчүнүн куралын уурдап, аны сатып акча таап кетүүнү сунуштайт. Ошентип жигиттер сакчыны катуу сабап, автоматын уурдап кетишет. Бирок тилектери ишке ашпай, сот жоопкерчилигине тартылышкан.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 9-ноябрдагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 9-ноябрдагы саны

Күйөөсүн өрттөгөн аял

Мас абалындагы зөөкүр күйөөсүнүн корккон аялы аны балта менен чаап өлтүрүп алган. Андан соң ага күйүүчү май чачып өрттөй баштайт. Эсине келе калган келин отту өчүрүп, маркумдун сөөгүн кудукка салып жиберет да үй-бүлөлүк чырдан улам жолдошунан дайын жок экенин милицияга жана кайын журтуна кабарлаган. Бирок кылмыштын чоо-жайы аныкталып, сот аялды үч жылга эркинен ажыраткан.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 18-ноябрдагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жыл 18-ноябрдагы саны

Энесин бычактаган уул

Бишкектеги үй-бүлөлүк чыр эки адамдын өмүрүнө забын болгон. 33 жаштагы жаран чогуу жашаган келинди, энесин жана дагы бир эркекти бычактап салган. Жыйынтыгында окуя болгон жерде 80 жаштагы эне, бир эркек көз жумган. Кылгылыкты кылган жигит соңунда өзүн өлтүрүүгө аракет кылып өзүнө бир нече жолу бычак саып ийген. Бирок аман калып, соттолгон.

© Sputnik / Мирбек СакеновКылмыш жана кырсыктарды чагылдырган "Дело №" гезитинин ноябрь айындагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш жана кырсыктарды чагылдырган "Дело №" гезитинин ноябрь айындагы саны

Сабалган прокуратура кызматкерлери

Жумуш күнү аяктап калган маалда мас абалындагы үч жаран шаардык прокуратурага кирип, ал жакта иштеген беш кызматкерди сабап салышкан. Токмок жеген укук коргоо кызматкерлеринин арасында прокурордун орун басары жана анын жардамчысы дагы болгон.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Дело №" гезитинин ноябрь айындагы "Тургула, сот келатат" рубрикасы
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Дело №" гезитинин ноябрь айындагы "Тургула, сот келатат" рубрикасы

Бир күндө 12 миллион тапкан шылуун

Өзүн Халида деп тааныштырган аял кытай жараны менен шаар тургунунун ишеничине кирип биринен 2 миллион 558 миң рубль, экинчисинен 9 миллион 440 миң рубль акча алып таптырбай кеткен. Жабырлануучулардын айтымында, бир күндө 12 миллион рубль чогултуп жоголуп кеткен алдамчы "ишенчээктерге" арзан баада чет элдик валюта таап бермек.

Маалыматтар 1992-жылы чыккан гезиттерден алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0