Кыргызстандын курамасы Макао командасын 3:4 эсеби менен утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Makau Olimpic Stadium стадионунда өттү

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Макаонун командасын 3:4 эсебинде утуп алды.

Беттеш Азия кубогу — 2019 оюндарынын алкагында болуп, мелдеш Makau Olimpic Stadium стадионунда өттү.

Матче за путевку на чемпионат мира-2018. Италия — Швеции - Sputnik Кыргызстан
Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатына өтпөй калды
Биринчи таймда кыргызстандык оюнчулар Антон Землянухин менен Виталий Люкс пенальти тээп эсепти ачкан. Экинчи таймда эсеп 3:0 болуп, Землянухин кыргызстандыктарды алдыга алып чыккан. Оюндун жүрүшүндө макаолуктар эки гол киргизишти. Антон Землянухин кайтадан атаандаштардын дарбазасына гол киргизди, бирок бир нече саамдан кийин макаолуктар дагы бир жол киргизип, эсеп 3:4 эсебинде аяктаган.

Тайпада азыр Индия 12 упай менен алдыда бара жатат. Кыргызстандыктардын капчыгында бүгүнкү оюнду эсепке алганда 7 упай бар. Андан кийин Мьянма, акыркыда Макао турат. Алар бир дагы оюнда жеңишти камсыздай алган эмес. Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу – 2019 оюндарынын финалына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал жакка ар бир тайпадагы эң мыкты эки команда чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0