БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баткен облусундагы жол кырсыктан каза болгондордун бири милиция кызматкери экенин ИИМдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Stepwgn автоунаасынын 28 жаштагы айдоочусу жана 69 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Андан сырткары, "Жигулини" айдап бараткан жаран да көз жумган. Ал Баткен ИИБдин кызматкери экени аныкталган. Ал 30 жашта болчу.
"Каза болгон милиционер боюнча маалымат тастыкталып жатат. Анын үч баласы бар экени маалым болду. Жол кырсыгынан 8 киши жаракат алган. Анын ичинде өзбекстандык үй-бүлө дагы бар. Каршы тилкеге ким чыкканы азырынча белгисиз. Бардык экспертизалар дайындалды", — деп маалымат кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.