БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишкен жеринин аймагында бир нече унаа кырсыктаганын күбө билдирип видеосун WhatsApp-каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жөнөттү.
Video Player is loading.
Бишкектеги өкмөттүк трассада бир нече унаа кагышты. Жеринен тартылган видео
0:45
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Тасмадан көрүнүп тургандай кырсыкка болжол менен үч унаа кабылган. Анын кесепетинен узакка созулган тыгын жаралган. Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Жабыркагандардын бар-жогу азырынча белгисиз.