БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына башка мамлекеттердин президенттери чакырылган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КР президентинин аппарат жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.
Буга чейин жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда болору айтылган.
"Дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен башка өлкөнүн президенттерин чакырбай эле коюуну туура көрдүк. Чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу элчилери келишет", — деди Усенов.
Инаугурация 24-ноябрь күнү Мамлекеттик резиденцияда өткөрүлмөкчү.