Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 6-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Күндүз Бишкек шаарында 10…12 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы 16…18 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй, Таласта 7…12 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 6…11 градус жылуу болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0