БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда болот. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган салтанатты өткөрүү үчүн уюштуруу комитетин түзүү боюнча атайын Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
"2017-жылдын 24-ноябры жаңы шайланган КР президенти кызматка кирише турган күн деп аныкталсын", — деп айтылат Жарлыкта.
Жаңы шайланган президенттин кызматка киришүүсү боюнча өтө турган салтанатты даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетти президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Усенов жетектемей болду.
Бул салтанатка Кыргызстандан сырткары чет өлкөлөрдөн да меймандар чакырылмакчы.
15-октябрда болгон президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык шайлоочулардын 54,22 пайыз добушун алып, жеңишке жетти.