БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, этникалык кыргыздарга Нарындан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө.
"Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин жердеген кыргыздардан 33 киши 11-октябрь күнү Кыргызстанга көчүрүлүп келип, Куланак айылына жайгаштырылган.