БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Нью-Йоркто терактыдан каза болгондор менен жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат агенттиги билдирди.
Эске салсак, шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен. Кырсыктын айынан сегиз киши каза болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттады. Ал эми кишилерди сүзгөн айдоочу Өзбекстандын жараны экени, АКШга 2010-жылы келгени айтылууда. Шектүү киши полиция кызматкерлери тарабынан атылып, жаракат алган. Учурда ооруканада.
Жергиликтүү полициянын башчысы Жеймс О'Нилдин айтымында, шектүү жаран пейнтболдун тапанчасын алып жүргөн.