Осмоналиева: "Билимканада" мугалимдер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн
"Билимканада" мугалимдер үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн аталган мектеп фондусунун жетекчиси Элнура Осмоналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Билимкананын" учурда өлкө боюнча 11 филиалы бар.
"Бизде мугалимдерге маяна мамлекеттик мектептерден бир аз эле айырмаланып көп төлөнөт. Бирок биз өзүбүздүн мугалимдерге жакшы шарт түзүп, акысыз компьютер, англис тил курстарын уюштуруп, семинар өткөрүп турабыз", — деди Осмоналиева.