Жөнөкөйлүк сапаты менен айырмаланып, өлкөдө билим берүү, кино жаатына салымын кошуп келе жаткан айымды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева кепке тартты.
— Нью-Йорктогу кино мектебиндеги окууңуз бүтө элек турбайбы, окуу менен Кыргызстандагы жумуштарыңызды кантип айкалыштырып жатасыз?
— Ал жакта дагы бир жылдык окуум калды. Бирок Кыргызстанга "Билимкана" фондусу ачылгандан кийин жардамым керек болуп мекениме келгем. Анын үстүнө АКШда менин убактымдын көбү университетте өтүп калгандыктан, балдар каралбай калды. Ал эми бул жакта туугандар бар. Балдарды да эс алып, туугандар менен бирге болсун деп Кыргызстанга алып келдик. Окуумдан академиялык өргүү алгам, убактысы келип калды, жакында кайра Нью-Йоркко окууга кетем.
— Демек, баарыңар чогуу келген турбайсыздарбы. Балдар Кыргызстанга келгенде тилден кыйналышкан жокпу? Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айтып кетсеңиз?
— Азыр жолдошум, балдардын баары Кыргызстанда. Үч кыз, бир уулубуз бар. Үч жаштагы уулумдан тарта балдардын баары үч тилде сүйлөйт. Жолдошум экөөбүз балдарды кичине кезинен эле көп тилдүүлүккө көндүрөлү деп чечкенбиз. Атабыз ишкер, "Билимкана" фондусунун негиздөөчүсү, искусство жана кино тармагында долбоорлору бар.
— Үч жаштагы уулум үч тилди билет деп калдыңыз, бала үчүн бул кыйын болуп калбайбы?
— Үйдө кыргызча, орусча, англисче сүйлөшөбүз. Ал эжелерине окшоп эркин сүйлөбөйт, бирок англис тилинде түстөрдү, санаганды, ырларды өзү жаттап алган. Байкасам, балам курактуу жаш балдар тилди интернет, графикалардан эле үйрөнүп алат экен. Негизи балага тилди кичине кезинде үйрөтсө, тез кабыл алат.
— Нью-Йорктогу мектепке өз күчүңүз менен өттүңүз беле?
— Нью-Йорк университетинин киномектеби дүйнөдөгү эң мыкты үчтүккө кирет. Ал жакка сынак аркылуу өткөм. Андан соң маектешүүгө барсам профессорлор "Нью-Йоркто кандай толук метраждуу тасма тартасыз" деп сурап калышты. Азыр планымда жок деп айтсам албай коет го деп оюман бир тасманы жаратып айтып берсем, жагып, ошону менен өтүп кеткем.
— Чет өлкөгө кеткендер ал жактын шартын көрүп Кыргызстанга келгиси келбей калат го. Сиздерде да андай ой болгон эмес беле?
— "Билимкана" фонду кандай максатта ачылган? Башка мектептерден эмнеси менен айырмаланат?
— Фонддун негизги максаты— өлкөгө керек болуп турган жаңы муунду окутуп тарбиялоо, өстүрүү. Элибиз өлкөдө өзгөрүүнү 25 жылдан бери күтүп келе жатат. Ооба, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болду, бирок биз сапат жагынан да жаңыланууга муктажбыз. Мамлекетти сапат жагынан күчтүү кадрлар, билимдүү жаштар өзгөртө алат. Биздин миссия балдарды көп тилдүүлүккө үйрөтүп, маданиятка жакындатуу, "кыргызмын" деген патриоттук сезимин күчөтүү. Мисалы, бизде комуз, кыргыз тили сабактары милдеттүү түрдө өтүлөт. Аз убакыт болсо да "орусташып" бараткан балдар комуз черткенди үйрөнүп, ал тургай ага кызыгуусу арта баштады. Демек, музыка аркылуу балдарды эне тилге, салтка, маданиятка жакындатса болоруна ынандык.
— Жеке менчик мектептерде окуу баасы асман чапчыйт. Силерде жеңилдиктер барбы?
— Мугалимдердин айлык акысы кандай? Көпчүлүк жерде бул кесиптин ээлери бааланбай калат эмеспи?
— Мамлекеттик мектептерден бир аз эле айырмаланып көп төлөнөт. Бирок биз өзүбүздүн мугалимдерге жакшы шарт түзүп, акысыз компьютер, англис тил курстарын уюштуруп, семинар өткөрүп турабыз.
— "Билимкана", балдар, окуу менен алектенип жүрүп режиссерлук кесипти таштап салган жоксузбу?
— Жок, бирок чындап эле азыр ага колум тийбей жатат. Ортодо спорт менен да алектенип калдым. Башынан эле жаа атканга кызыгып жүрүп, кийин үйрөнгөм. Ортодо таштап салып, кайра үйрөнүп азыр Жаа атуу федерациясынын жетекчиси болдум. Мектептерге жаа атуу боюнча клубдарды ачып жатабыз.
— Былтыр сиздин "Сейде" аттуу тасмаңыз эл аралык фестивалдарга катышып, олжолуу кайтып жатты. Калыстар эмнеге баа беришти?
— Режиссерлук кесип аял киши үчүн кыйын эмеспи? Эмне үчүн бул тармакты тандап алгансыз?
— Негизи режиссерлук кесип аял кишиге кыйын эле. 6-классымда "доктур болом" деп апама айтсам, ал "доктурлар түнкү сменге да чыгышат үй-бүлөгө кыйын болуп калат, ал кесипти тандабай эле кой" деп айткан. Көрсө, режиссерлук кесип андан да кыйын экен, бирок ошончо кызыктуу. Мага жолдошум, жолдошумдун ата-энеси, туугандарыбыз баары чогулуп жардам көрсөтүшөт.
— Сизди биз "Боз салкын" тасмасынан улам да жакшы билип калганбыз, бирок ал жакта сиздин образыңыз таптакыр башкача?
— Эмне үчүн актрисалык кесипти улантып кеткен жоксуз?
— Жакшы роль, жакшы режиссер болсо тартылса деле болот. Бирок мен камера артында болгонду жакшы көрөм. "Боз салкындын" тартылганын көргөндөн кийин режиссер болом деп чечкем.
— Жөнөкөй экениңизди байкадык…
— Биринчиден, бул ата-энемдин тарбиясы. Жолдошум деле ушундай жөнөкөй киши. Экинчиден, уялам. Себеби беш кол тең эмес, ар кандай шартта жашаган адамдар бар. Кээ бири менин кычырап турганымды, жыргап жүргөнүмдү көрүп өзүн жаман сезиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, режиссерлордун стили ушундай жөнөкөй эле — жинсы, кеда, футболка. Башкысы — кийимдин ыңгайлуу болушу.