2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн, эң маанилүү өзгөртүүлөр ушул жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Болжол менен дал ушул мөөнөттө жаңы президент да кызматына киришет. Мамлекет башчысынын жана премьердин ыйгарым укуктары кандай бөлүштүрүлөт? Ушул жана башка суроолорго Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын авторлорунун бири, президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов жооп берди.
Өзгөртүүлөр эмнеге зарыл эле?
2010-2011-жылдары эйфорияга алдырган маал эле, президенттин ыйгарым укуктары чектелип, өкмөт да кайсы убак болбосун отставкага кетирилүү кооптуулугу күч болчу. Мындан улам чабал эле. Ошол кезде министрлердин бир буту парламентте болуп калган, кызматын сактап калуу маселесин да чечишкен. Жогорку Кеңеш чечимдерди кабыл алуу булагына айлана алган эмес. Жыйынтыгында президент чылбырды өз колуна алып, демилге жаратуу гана эмес, аларды аткаруунун да борборуна айланууга мажбур болгон. Президенттин айрым чечимдери да эрежелердин бузулушуна жеткирген. Мындай көрүнүш өлкө келечеги үчүн кооптуу эле. Ошондуктан Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президент бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарындагы баш аламандыктан пайдаланып, башкаруунун күчтүү президенттик формасын кайтарып алышына жол бербөө максатын көздөйт.
Өзгөртүүлөрдүн жалпы маңызы эмнеде?
Бийликтин вертикалы күчтөнбөйбү?
Өкмөт башчысы эми өзү гана район акимдерин дайындап жана кызматтан кетирет. Мурда буга айылдык кеңештердин сунушу талап кылынчу. Башкача айтканда, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары кадрдык саясатын мамлекеттик бийликке таңуулай алган. Бул өзгөртүүлөр ушу тапта күчүнө кирди.
Өкмөт кандай болот?
Премьер-министр жана анын орун басарлары жогорку кызматка дайындалганча парламентте депутат болсо, мандатын сактап калышат. Муну эске алганда министрлер кабинетинин бийлиги бекемделип, ошондой эле коалиция турукташып, өкмөт да күчтөнүп, мөөнөтү узарат. Натыйжада бул өкмөттүн ыкчам чечилчү маселелер менен гана эмес, стратегиялык багытта да иш алпаруусуна шарт түзөт. Күчтүү өкмөт мурда президенттин карамагындагы маселелерди да өзүнө кошуп алат. Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары толук кулач жайышына бардык шарттар түзүлдү.
Президент канчалык алсызданат?
Өзгөрүүлөр жеке мага кандай таасир этет?
Мурда президент бюджет жөнүндөгү мыйзамга сөзсүз түрдө кол коюуга тийиш эле. Мындан улам өкмөттүн каршы пикирине карабастан, парламент популисттик мыйзам кабыл алып коюшу ыктымал, ал эми мамлекет башчысы документке аргасыз кол коюуга тийиш болчу. Жаңы өзгөртүүлөр боюнча премьер-министр кайрылган учурда президент мыйзамды артка кайтара алат.