Орусчаны үйрөнүп, волейболду катыра ойногон. Айылдаштары Сооронбай Жээнбеков жөнүндө

© Фото / из личного архива Сооронбая ЖээнбековаСооронбай Жээнбековдун окуучулук убагы. Архив
Сооронбай Жээнбековдун окуучулук убагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылыгына бара жаткан Жээнбековдун пахта теримдеги тентектиги жана орус тилин кантип үйрөнгөнү тууралуу айтып беришти

Учурда коомчулук үчүн президенттик шайлоодо добуштун жарымынан көбүн алган Сооронбай Жээнбеков жөнүндө маалыматтар кызыгууну жаратып турган кез. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Зульфия Тургунова Жээнбековдун кичи мекени Кара-Кулжанын Биймырза айылына барып, биринчи мугалимине жана классташтарына жолугуп кайтты.

40 жылдык өмүрүн балдарды окутууга арнаган мугалим Вера Ишматова учурда 67 жашта. Мындан сегиз жыл мурда ардактуу эс алууга чыккан. Бирок үйдө отуруп калбай, өзү сүйгөн кесиби боюнча кайрадан ишин улантууда. Кара-Кулжа районунун борборундагы Баки Эшмамбетов атындагы орто мектепте эмгектенип келет. Бир кезде калем сап кармаганды үйрөтүп, тамга тааныткан окуучусу Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкө башчылыгына багыт алганын уккан Вера Ишматова кубанычы койнуна батпай жүргөн чагы.

"Сооронбай канчанчы катарда кайсы партада отурганы дале эсимде. Менин колума келгенге чейин даярдоо классынан Евдокия Губанова аттуу мугалим тамга тааныткан. Тилекке каршы, анын көзү өтүп кетти. Сооронбай мен иштеген мектепке башталгыч класска келген мезгилде узун бойлуу, арык чырай, буудай өң бала эле. Тырышчаак болчу", — дейт Ишматова.

Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун келиши менен кандай кадрдык өзгөрүүлөр болот
Ал Жээнбеков башка классташтарынан айырмаланып, оор басырыктуу болгондугун, балдар менен мушташып, күрөшүп, тентектик кылбагандыгын айтат.

"Айыл жери болгондуктан балдардын баары эле орус тилинде сүйлөй алчу эмес. Алардын катарында Сооронбай да бар болчу. Бирок башталгыч классты аяктаганда аракетинин арты менен бул тилде оюн айтканга жарап калган. Жалаң бешке окучу деп айта албайм. Кээде "3", кээде "4" алчу. Төмөнүрөөк баа алып калса аябай капаланчу. Ошондуктан баланын көңүлүн сындырып албайын деп төмөн баа койчу эмесмин", — дейт алгачкы мугалим Ишматова.

Волейболчу

Жээнбеков өзү окуган мектепте волейбол боюнча ийримге катышып, ийгиликтерди багындырып келгендигин машыктыруучу, дене тарбия мугалими Маман Исмаилов төмөнкүчө эскерди:

"Аталган мектепте 1974-75-жылдары Сооронбайды волейбол боюнча кружокко кабыл алгам. Анда 9-класста окучу. Шамдагай бала эле. Ошол эле жылы волейбол боюнча райондогу мектептер арасындагы мелдеште биринчиликти ээледик. Кийинки жылы облустук спартакиадада кайрадан алдыңкы орунду багындырдык. Сооронбай волейбол боюнча машыгууну такыр калтырчу эмес. Балдар арасында ошол кезде эле уюштуруучулук жөндөмү байкалчу. Кийин орто мектепти аяктап, борбордогу Айыл чарба институтунда окуп жүргөн мезгилде волейбол боюнча курама командада ойноп жүрүптүр. Бир ирет бизге каршы командада ойногонун көрүп окуучум үчүн сыймыктандым", — деди Исмаилов.

Балалык кездер

Ал эми аны менен бир класста окуган достору Жээнбековду ашыкча тентектиги жок, бирок өтө деле тартынчаак эмес бала болгондугун эскерет. Алардын бири Советбек Жунусов балалык кездеги кызыктуу учурларды айтып берди.

"Сооронбай менен мектепке чейинки даярдыктан баштап, он жыл бою бир класста окудум. Мен класстын эң тентеги элем, Сооронбай деле кээде менден калышчу эмес", — деди классташы Жунусов.

Ал окуучулук мезгилинде Кара-Суу районундагы Таширов айыл өкмөтүнө пахта жыйноого барган мезгилде далай кызыктарды башынан өткөргөндүктөрүн айтып берди.

Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков — комсомол, мугалим, зоотехник. Сейрек сүрөттөр
"Абдимамат, Сыргак, Соке болуп кечинде пахта терип бүткөн соң кыздар уктаган бөлмөлөргө кирип, казандын көөсүн беттерине сүйкөп, анан чыракты жандырып, кимдин кандай абалда экенин көрүп мыскылдап, аябай эле шоктончубуз. Кыздардын шаштысын кетирип, анан уктап калган балдарга өтчүбүз. Эх-хх… айтор, окуучулук мезгилде далай кызыктуу күндөр өттү. Сооронбай башкалар үчүн өлкө башчысы, өкмөт башчысы болсо, классташтар арасында кадимки жөнөкөй адам. Дагы деле чогулуп, биз менен айылга келген сайын сүйлөшүп отуруп кетет. Чер жазышып, пахта талаасындагы тентектигибиз, кыздарга жазган катыбыз, дегеле кандай тентектик кылсак ошонун баарын эстеп каткырып, жаш балача жыргап алабыз", — дейт Жунусов.

Сооронбай Жээнбеков билим алган Кара-Кулжа районунун борборунда жайгашкан Баки Эшмамбетов атындагы орто мектеп 1955-жылы негизделген. Жалаң орус тилинде окуткан билим уясында учурда 1200гө жакын окуучу билим алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0