Жээнбеков президенттикке качан киришет. Эксперттердин пикири

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциянын нормаларына ылайык, 7-декабрга чейин президенттин инаугурациясы болушу керек. Ошол эле учурда азыркы президенттин мөөнөтү 1-декабрда аяктайт.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз жаңы президенттин инаугурациясы боюнча өз пикирин Facebook баракчасына жарыялады.

Конституциянын нормаларына ылайык, президенттик шайлоонун жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгып, дагы үч күндүн ичинде жарыяланышы зарыл. Андан соң 30 күн ичинде жаңы президент ант берип кызматка киришүүсү кажет. Эгер 15-октябрдан тарта эсептесек жаңы президенттин инаугурациясынын эң акыркы мөөнөтү 7-декабрга туура келет.

"Азыркы президент Атамбаев качан кетиши керек? Жаңы шайланган президент Жээнбеков качан кызматка киришет? 2017-жылы 15-октябрда саат 22:00гө жакын ким "жеңери" белгилүү болгон да? Боршайкомго бүгүнкү күнү бир гана арыз келип түшкөн", — деп БШКнын мурдагы мүчөсү жазды.

Ал ошондой эле БШК тилекке каршы бир жумадан кийин же он күндөн кийин президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгара албай турганын белгилеген. Себеби жыйынтык чыккандан кийин ант берүүгө 30 күн убакыт бар деген норма белгиленген.

Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков — комсомол, мугалим, зоотехник. Сейрек сүрөттөр
"Эгер БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып аны 19чу же 20-октябрда жарыяласа, Жээнбеков 30-күндүн ичинде кызматка киришүүсү кажет, башкача айтканда 18-ноябрга чейинки убакытка туура келет. Мындай болгон учурда азыркы президент өзүнүн мөөнөтүнөн мурда кетүүгө туура келет", — деди ал.

Канатбек Азиз андан сырткары, Боршайком шайлоонун расмий жыйынтыгын 2-ноябрга чейин жарыялашы керектигин билдирди. Ушундай болгон учурда гана БШК Атамбаевдин кепилденген ишмердигин бузбай, шайлоо мыйзамында келип чыккан маселени жөнгө сала алат.

"Эгер БШК Атамбаевдин президенттик мөөнөтүн бир күн мурда (керек болсо бир саатка эрте) аяктаткан абалды жаратса, ал анда президенттин милдеттеринин мөөнөтүнөн мурда бүткөрүүгө жатып калат", — деди Азиз.

Бирок БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун ою такыр башка. Ал 1-декабрды "жөн гана" белгиленген мөөнөт экенин айтып, шайлоонун жыйынтыктары сөзсүз түрдө 2-ноябрда чыгышы керек деген талап жок экенин билдирди.

Итоги президентских выборов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Талапкерлер кичи мекенинен канча добуш алды
"Конституциянын 63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "президенттин милдеттери жаңы шайланган президент ишке кирген учурдан тарта токтотулат". Чындыгында азыркы президент кызматка 1-декабрда кирген. Жаңы президент дагы дал ушул датада кызматка киришүүсү керек дегенге жатпайт. Ал бир жума эрте, же кеч деле болушу ыктымал. 6 жыл туура 2190 күн дегенди түшүндүрбөйт. Алты жыл деген бул жалпыланган түшүнүк", — деди ал.

Бекматов ошондой эле президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы кийинки жумаларда чыгып калышы мүмкүндүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0