БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 28-октябрь дем алыш күнү 6-ноябрга которулду.
Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү ырааттуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргызстанда 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү майрам болгондуктан эс алуу күнү.
Ошентип 4-5-6-7-ноябрь күндөрү дем алыш болот.