БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Киевде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылганын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Көргөзмөгө Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин, Алия Шагиеванын жана Айгүл Касымованын эмгектери "Көчмөн" деген аталыш менен көрөрмандардын назарына тартууланды.
Көргөзмөгө кыргыздардын көчмөн турмушун, салт-санаасын, тарыхын жана жаратылышынын кооздугун чагылдырган 30дан ашык сүрөт коюлган.
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулуп, көргөзмө 15-ноябрга чейин уланат.