Аталган жыйынга Кыргызстан төрагалык кылат.
Сапар Исаковду "Звартноц" эл аралык аэропортунан Армениянын саламаттык сактоо министри Левон Алтунян тосуп алды.
Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташуудагы актуалдуу маселелери талкууланат. Аталган иш-чаранын алкагында Исаков башында турган кыргыз делегациясы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Сапар Исаковду коштоп барган кыргыз делегациясынан курамы:
Биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, экономика министри Артем Новиков, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнур Төралиева, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Санжар Үмөталиев.