БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеевдин талапкерлигин коопсуздук боюнча вице-премьерликке каралып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.
Буга чейин аталган кызматты Темир Жумакадыров ээлеп келген.
Эске салсак, Жумакадыров 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылындагы жол кырсыгынан каза тапкан. Вице-премьер кетип бараткан жол тандабас жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан.