БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда 27-октябрь күнү Алма фестивалы өтө турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чара жергиликтүү бийлик жана ПРООН тарабынан уюштурулууда.
"Фестивалдын максаты — Ноокат алмасын жергиликтүү жана чет элдик базарларга алып чыгуунун эффективдүү чараларын кабыл алуу, экспорт маселелерин талкуулоо үчүн аянтча түзүү", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, иш-чара логистикалык борборду өнүктүрүү үчүн донор жана инвестиция тартуу максатын да көздөйт.
Белгилей кетсек, фестиваль ушуну менен үчүнчү жолу өтмөкчү.