500 миң доллар. Мумияны сатып алам деп министрге ким кайрылган?

© Sputnik / Феруза Аскарбек КызыЗахоронение мумии в Баткенской области
Захоронение мумии в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артефактыны Германияга же Голландияга алып кетүү сунушталган

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баткенге көмүлгөн мумияга көп жыл бою кызыгып, европалык кардарларга сатууну көздөп жүргөндөр көп болгон. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы маданият министри Рыскелди Момбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Депутат мумиянын баасы качандыр бир кезде 500 миң долларга бааланып келгенин бүгүн парламентте айткан.

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мумия эмнеси менен баалуу эле? Нааразы археологдор, "боору ооруган" министр
"Мен маданият министри болуп иштеп жүргөн кезде, кимдер экени эсимде жок, бирөөлөр келип, "тарых музейиндеги мумияны батыштык кардарлар 500 миң долларга сатып алабыз деп жатышат, эптеп чек арадан чыгарып бербейлиби" деп сунуштаган. Мен "андай акмакчылыкка барбайм, сунуштабагыла" дегенден кийин кайра кайрылышкан жок. Бирок бул көп жылдан бери келе жаткан маселе экен. Мага чейинки министрлерге деле сунуш кылып, кат жазгандар болуптур. Эгер жаңылбасам, Германия же Голландияга алып кетебиз деп жатышса керек эле", — деди Момбеков.

Анын айтымында, мумияны сатууга кызыкдар болгондордун бардыгы аны бизде изилдөөгө шарт жок деген шылтоону карманышкан.

"Чет өлкөдөн волонтер катары келген адамдар "силерде ушундай артефакт бар турбайбы, аны чет өлкөгө алып чыгууну эптеп мыйзамдаштырып бергилечи, балким изилдөөдө деп жиберсеңер, ошол бойдон алып каларбыз" дегендер болгон", — деди депутат.

Ошондой эле ал тарых музейинин айрым кызматкерлери дагы сөөк ачык жатат, кургап кетет, изилденбей жаткандан көрө өткөрүп иели деп келип жүргөндөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0