БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Чүй районунун Искра айылынын тургундарынын шалаакылыгынан улам 60 үй жарыксыз калгандыгын "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү саат 17.00дөр чамасында мечиттин тосмосун куруп жаткан жергиликтүү тургундар электр зымын үзүп салышкан.
Жыйынтыгында бүгүн эртең менен айылдагы 60 үй жарыксыз калды. Аларды башка электр булагына туташтырып туруу мүмкүнчүлүгү жок.
Ал эми окуянын күнөөкөрлөрү үзүлгөн зымды калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүп жатышат.