00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Трамптын биринчи аялы президенттин азыркы ийгилигине себепкер экенин айтты

© AP PhotoИвана жана Дональд Трамп. Архив
Ивана жана Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президентинин биринчи аялы Трамп азыр деле андан кеңеш сурап турарын билдирген

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамптын биринчи аялы Ивана Трамп президенттин бүгүнкү ийгилигинин себепкери экенин айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Ивана Трамп CBS телеканалынын Sunday Morning берүүсүнө маек берип жатканда алып баруучунун "ал (Трамп. — ред.) сиз болбосоңуз бүгүнкү ийгиликтерге жетишпейт беле?" деп сураганда "дал ошондой" деп жооп берген.

"Трамп менен бирге жашаган күндөрүмдү сагынбайм. Чынын айтсам эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бул жерде жакшынакай турак жайым бар. Майамидеги кооз батирдин ээсимин. Сен-Тропеде 300 жылдык балыкчылык үйүм бар. Мага дагы эмне керек?" — деп жооп берген АКШ лидеринин мурунку аялы.

Ошондой эле ал Трамп менен азыр да жакшы мамиледе экенин айтып, жумасына бир жолу сүйлөшүп турарын кошумчалаган. Анын билдиришинче Трамп азыр деле андан кеңеш сурап турат. Ал Twitter тармагына кандайдыр бир пост жазуунун канчалык зарылчылыгы бар экенин кеңешүү үчүн кайрылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0