БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Москванын Строгино районундагы “Синдика” курулуш базары күйүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости Россия ӨКМинин аймактык бөлүмүнүн өкүлүнө таянуу менен билдирди.
Өрттү өчүрүү үчүн кечки саат 17.04 (Бишкек убактысы боюнча 20.04) Ка-32 тик учагы жөнөтүлгөн.
Горит Синдика в Строгино pic.twitter.com/BIRMro0Mxq
— Вейкина Мария (@Tugnuy) 8 октября 2017 г.
Жекшемби күнү Москванын түндүк-батыш тарабындагы, тагыраак айтканда, Москва айланма автожолунун 65-чакырымында жайгашкан "Синдика" соода борборунан өрт чыккан. Соңку кабарлар боюнча өрт үч миң чарчы метр аянтка жайылып, 500дөй адам эвакуацияланды. Жаракат алгандар боюнча маалымат түшкөн эмес.
Пожар на рынке #Синдика #Строгино pic.twitter.com/TS8kXLckQM
— Svetlana Kolosova (@Svkolosova) 8 октября 2017 г.