БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов "Достук" ордени менен сыйланышканын муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
"Президент Алмазбек Атамбаев Максатбек ажы Токтомушев менен Абдышүкүр ажы Нарматовду Кыргызстандын руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн "Достук" ордени менен сыйлады", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, өлкө президенти социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондорду "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка ушул жылдын 30-августунда кол койгон.