БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Австралия менен АКШнын окумуштуулары жарааттарды, жабырланган тамырды, өпкөнү чаптай турган биологиялык клей ойлоп чыкты. Бул туурасында РИА Новости Science Translational Medicine илимий журналына шилтеме берип жазды.
"Бул клейди көп жагдайда, согуш талаасында же кырсык болгондо жаракат алгандардан тарта ооруканаларда жасалган татаал операцияларда пайдаланууга болот. Биз адамга тажрыйба жасоого даярбыз жана мындан ары MeTro клейи көптөрдүн өмүрүн сактап калат деп ишенебиз", — деди Сидней (Австралия) университетинин окумуштуусу Энтони Вайсс.
Операцияларда жана майдан талаасында хирургдар канды токтотуучу бардык ыкмалардын кемчиликтери бар экендигин айтып келишет. Маселен, операциядан кийин жаракатты тиккенге көп убакыт кетет. Ал эми супер клей бул учурда табылгыс каражат болгудай.
Акыркы жылдары окумуштуулар бул жаатта үлүл кабыгынын клейин колдонууга аракет кылып келишкен. Аскага жабышып, сууда жакшы деген бул каражат тарамыштарды, кемирчектерди, тамырларды бириктире албай койгон.
Клейди ойлоп табууга кеткен мээнети туурасында айтып берип жатып Вайсс жана анын кесиптеши америкалык Насим Аннаби бир нече жандыктарга эксперимент жасагандыктарын бөлүштү. Алар MeTro менен чочко, анан чычкандын жабыркаган өпкөсү менен артерия тамырын чаптап көрүшкөн. Жыйынтыгында клей жараатка сиңип, операция болгон эки жаныбар андан ары жашап кеткен. Биологдор жакында ыктыярчы адамдарга эксперимент жасоого уруксат ала тургандыктарын, ал MeTro клейин клиникалык тажрыйбада колдонууга жол ачарын айтышты.