Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота железнодорожного вокзала в Бишкеке
Работа железнодорожного вокзала в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, тоо этектеринде, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 11…16 градус жылуу болсо, Таласта күн 10…15 градуска чейин жылыйт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 13…18 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт, күндүн табы 12…14 градуска чейин жогоруласа, Ош шаарында түнкүсүн жаан жаап, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0