БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 1-октябрдан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык коюму 8 пайызга чейин төмөндөйт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков атайын жыйында кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер, андан сырткары, өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020" программасын ишке ашырууда пайыздык коюмду азайтуу боюнча маселени карап чыгуу боюнча тапшырма берди.
"Жыйынтыгында биз учурдагы 10 пайыздык коюмду 8 пайызга чейин түшүрө алдык. 2017-жылдын 1-октябрынан тарта жарандарыбыз мамлекеттик ипотекалык насыяны 8 пайыз менен ала алышат", — деди Исаков.
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев учурдагы пайыздык коюм менен насыя алгандардын да жагдайы жаңы пайыздык коюм боюнча караларын айтты.
Исаков, андан сырткары, Каржы министрлигине өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн тез арада каражат караштырууну тапшырды.