00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
Жаш айым-режиссерлор миграцияны тасмага түшүрдү
17:11
46 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Меняющие мир
Театр вне столицы: почему Иссык-Кульская труппа собирает Гран-при фестивалей
18:05
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинети үлпөт, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Анда документ жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. Эске ала турган жагдайларга токтолсок: салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же насыя алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө өткөрүү, кошумча этаптарды жана чыгымдуу иш-чараларды уюштурбоо, ашыкча тамак-аш даярдоого жол бербөө, бир бодо союу менен чектелүү сунушталат; уятсыз, орой тамашалар, байлыкты демонстрациялоо жана атаандаштык, үчтөн ашык унаадан турган кортеж, фейерверк жана ашыкча шоу-программаларга тыюу салынат; кымбат белектерге мажбурлоо, "кийит кийгизүү", "себет берүү", "түштөнтүү" сыяктуу ысырапкерчилик салттарга жол берилбейт; сөөк коюла турган күнү мал союлбайт, катышуучулардын саны чектелбейт; жылдык өткөрүү милдеттүү эмес, ыктыярдуу болот. Кийинки эскерүүлөрдө майда жандык же бир бодо союуга уруксат. Жөнөкөй дасторкон даярдалып, жакын туугандар гана чакырылышы шарт. Өткөн жылы да ушундай өңүттөгү долбоор сунушталып, анда той-аштарды көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаар мэрияларында каада-салт, үрп-адатты жана майрамдарды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү комиссиялар түзүлөрү айтылган.
Жогорку кенештин депутаттары Улукбек Карыбек уулу менен Дастан Бекешев кымыз же бозо ичип рулга отургандарга айып салынбашы керек деп эсептейт. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мас айдоочуларга жаза чегерүүдө кымыз жана бозо спирт ичимдиги менен бирдей каралып калууда. Буга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жооп берди. "Бул абдан чоң маселе. Кымыз менен бозо кээде сырадан да күчтүү болуп, градусу көп болуп калат. Муну шашпай карашыбыз керек", — деди Урмамбетов. Ал спирт ичимдигинин тести ар бир суусундукту өзүнчө аныктап бербей турганын айтып, айдоочу ичип-ичпегенин эле көрсөтөрүн белгилеген.
Евродипломатиянын башчысы Кая Каллас Гренландиянын айланасындагы чыр НАТОну Украинага жардам көрсөтүүдөн алагды кылып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Эгер Гренландиянын коопсуздугу коркунучта болсо, бул көйгөйдү НАТОнун ичинде чече алабыз. Талашыбыз бизди негизги маселеден алагды кылуусуна жол бере албайбыз”, — деди ал. Ошону менен бирге Каллас Гренландиянын айланасындагы пикир келишпестиктен АКШ да, Европа да жабыр тартарын белгилеген. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндия үчүн бажы төлөмдөрү 10 пайызга, ал эми 1-июндан тарта 25 пайызга чейин көтөрүлөрүн жар салган. Буга алардын Гренландиянын АКШга кошулушуна каршы позициясы себеп. Демилге АКШ аралды сатып алганга чейин күчүндө болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0