БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ишканасы 1,5 миңден ашык шайлоо тилкесин байланыш менен камсыздады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Калган шайлоо участкалары мобилдик байланыш кызматынан пайдаланышат.
"Компания тынымсыз жана сапаттуу байланышты камсыздоо үчүн жыл сайын атайын текшерүүдөн өткөрүп турат. Жалпысынан 817 шайлоо участкасына зымдуу байланыш, 7 тилке радиостанция, 707 тилке CDMA-450 радио байланышы жана 815 тилке мобилдик байланыш менен камсыздалды", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргызтелеком" шайлоо күнү бардык участкаларда туруктуу жана тынымсыз байланыш менен камсыздоого кепилдик берет.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке расмий талапкер катары 13 кишини каттаган.