Болотбеков: Мамбетов көчөсү октябрдын аягына чейин бүткөрүлөт
Бишкек шаарындагы Мамбетов көчөсү октябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жолго тоскоолдук кылып жаткан жерлердин ээлерине акча берилет же башка аймактан жер бөлүнөт.
"Мамбетов көчөсү Токтогул менен кошулуп, Чүй проспектисине параллель болот. Чын эле жолду салууда көптөгөн кыйынчылыктар жаралууда. Жер ээлери менен сүйлөшүп жатабыз. Айрымдарына акча берсек, башкаларга жер бөлөбүз. Мамбетов көчөсүндөгү маселе октябрдын аягына чейин чечилип калат", — деди Болотбеков.
Ал айрымдар жеке менчик жерлерин жол үчүн деп өз ыктыяры менен бошотсо, башкалар басып алган жерлерин бербей жаткандыгын кошумчалады.