Зилалиев: Liglass өкмөттөн 37 млн. долларды төлөө мөөнөтүн узартууну өтүнгөн

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын башкы директору Михаэль Смелик маалымат жыйында 37 миллион долларды качан төлөй тургандыгын так айткан эмес

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы 37 миллион долларды төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүү боюнча өкмөткө расмий түрдө кайрылганын вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев
Вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев

"Алар бизге (өкмөткө – ред.) төлөө мөөнөтүн узартып бергиле деп расмий түрдө кат менен кайрылышты. Процедура боюнча бул катты тиешелүү мамлекеттик органдарга өзүңөрдүн тиешелүү корутундуларыңарды бергиле деп бердик. Алардын бардыгын чогултуп, премьер-министрдин кароосуна бүгүн-эртең бергенге аракет кылабыз", — деди Зилалиев.

Ал ошондой эле 19-сентябрь акыркы күн экенин айтып, 20-сентябрда өкмөт чечим кабыл алышы керектигин кошумчалады.

"Мыйзам боюнча алардын кайрылуусун карайбыз, эгер негизсиз болсо биз бир тараптуу түрдө келишимден чыгып кетебиз", — деди ал.

Сот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Liglass Trading CZ, SRO компаниясы аларга карата сын айткандарды сотко берет
Белгилей кетсек, чех компаниясынын башкы директору Михаэль Смелик баштаган өкүлдөр маалымат жыйын берип, Кыргызстандын "Русгидро" компаниясына болгон 37 миллион доллар карызын качан төлөп бере турганын так айткан эмес.

Смелик журналисттердин "каражатты качан төлөйсүздөр" деген суроосуна "компания буга чейинки тажрыйбаларын эске алуу менен журналисттер менен сүйлөшүүнү каалабай турганын" билдирген болчу.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Инвестор өз ыктыяры менен Кыргызстандын "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион карызын төлөп берүү милдетин алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0