00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Геополитика и ценности: почему западные нарративы в Евразии приводят к росту национализма — беседа с экспертом из Минска
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему кузнице кадров для президента разрешили работать по своим правилам
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Назаровдун кызы кабылган жол кырсыгы: куугунга түшкөн милицияга иш козголду

© Фото / Илья ДейнекоМотоцикл менен Toyota Passo үлгүсүндөгү машина 19-августтун түнүндө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан
Мотоцикл менен Toyota Passo үлгүсүндөгү машина 19-августтун түнүндө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура милиция кызматкерлери мотоциклчен баланы негизсиз кууп, аларды кооптуу жагдайда таштап кеткен деп шек саноодо

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Белгилүү боксчу Орзубек Назаровдун кызы кабылган жол кырсыгы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгогонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мотоцикл менен Toyota Passo үлгүсүндөгү машина 19-августтун түнүндө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан. Мотоциклди айдап бараткан 21 жаштагы бала жеринде каза болуп, машинанын ичиндеги үч киши түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Алардын бирөө кийин алган жаракатынан улам каза болгон. Ошондой эле мотоциклчендин артында отурган кыз да оор жаракат алган. Ал Орзубек Назаровдун кызы экени кийин билинген.

Назаровдун кызы кабылган кырсык: милициянын куугуну видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Назаровдун кызы кабылган кырсык: милициянын куугуну видеого түшүп калган
Кырсыкка күбө болгондор мотоциклчендин артынан Кайгуул милициясы кызматтык унаа менен кууганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришкен.

Прокуратура милиция кызматкерлерине карата мотоциклченди негизсиз кууган деп шек санап, жол кырсыгына кабылган кишилерди кооптуу абалда таштап кетүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Эки милиция кызматкери буга чейин кызматынан четтетилген болчу. Көзөмөл органынан маалымдашкандай, 19-августта Кайгуул милициясы өзүнүн кызмат өтөө аймагынан чыгып, мотоциклченди мыйзамсыз кууган. Ошол эле учурда алар жолдо жүрүү боюнча кызматтык талапты бузганы баса белгиленет.

"Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгон жерден изин жашырып кеткен", — деп айтылат прокуратура тараткан билдирүүдө.

Аталган иш тергөө үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгына берилди.

Кырсык болгондун эртеси Назаров кызы өзүнө келе электигин билдирип, ага кан керектигин айтып, элге кайрылган. 21-августта ал кайрылуусуна көңүл кош карабаган жарандарга ыраазычылыгын билдирген. 31-августта Назаровдун кызы Аделина өзүнө келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0