Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 23…28, Ысык-Көл менен Нарын облустарында 19…24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз жаан жааса, Ош калаасында күн ачык болот. Абанын температурасы 25…28 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0