Терактынын айынан үч миңдей киши каза болгон. Кырсык болгон жерди жана имараттарды тазалоого сегиз ай кеткен. Бул терактыны "Аль-Каида" террордук тобу жасаганын моюндаган.
Бул окуядан кийин дүйнөдө террорчулукка карата бирдиктүү чараларды көрүп, каршы туруу зарылдыгы туулгандыгы баса белгиленген.
АКШда 11-сентябрда патриот жана сыйынуу күнү катары белгиленет. Эскерүү иш-чаралары өлкө боюнча өтөт. Бул күнү федералдык имараттардын бардыгында туулар түшүрүлөт.

Дүйнөлүк соодо борборуна алгачкы учак келип урунгандагы ирмем

Биринчи учак имаратка жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:46лар чамасында урунган. Экинчи учак 16 мүнөттөн кийин келип тийген

Түндүк мунара сокку болгондон кийин 102 мүнөт турса, түштүк мунара 56 мүнөттөн кийин жерге урап түшкөн

Күйүп жаткан имараттын космостон көрүнүшү

Терактынын кесепетинен 36 миллиард долларлык чыгым келген

Күйүп жаткан имараттын терезесинен чыгууга аракет кылган кишилер

Өз боюн жерге таштагандар да болгон

Терактыдан кийин Пентагондун түштүк тарабы да күйгөн

Дүйнөлүк соода уюмунун эгиз мунараларынын бири (түштүк мунара) урап жатат

Ары-бери чуркап, ызы-чуу түшкөн эл

Юстиция министринин орун басары Доминик Гваданйоли жабыркаган аялга жардам берүүдө

Теракт болгон имаратка жакын жайгашкан кеңседеги кишилер коопсуз жайга чыгарылууда

Терактыдан кийинки көрүнүш. Манхэттендин ылдыйкы көчөлөрү

Адам өмүрүн алган терактыдын кийинки дагы бир көрүнүш

Күйүттөн жүрөгү өрттөнгөн эл

Өрт өчүрүүчү

АКШ президенти Жорж Буш элге кайрылуу алдында Ак үйдөгү кызматкерлери менен жолукту

Нью-Йорктун мэри Рудольф Жулиани жана Россиянын президенти Владимир Путин аялы Людмила менен теракт болгон аймакта

Имаратка урунган учактардын биринин тетиги болушу ыктымал

Эгиз мунаралар кулагандан кийинки көрүнүш

Жыл сайын 11-сентябрда АКШ боюнча эскерүү иш-чаралары өтөт

2002-жылдын 11-мартында эгиз мунаралардын ордуна атайын жарык берилди