Видео YouTube айдыңына тарап кетти.
Велосипед минген аял жолдон бурула бергенде арт жагында келе жаткан жүк ташуучу ири автоунаанын дөңгөлөктөрүнүн ортосуна кирип кеткен. Аны айдоочу көрбөй калгандыктан дароо токтоткон эмес.
Ири дөңгөлөктөр велосипеддин бырын-чырынын чыгара тебелеп, ал эми аял жеңил жаракат алып, тирүү калган.
Окуя болгон көчөгө жетип келген Ыкчам жардам көрсөтүү кызматы аялды ооруканага алып кеткен.