БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Борбор калаада триатлон боюнча шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КРдин триатлон федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаар биринчилиги үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү саат 10:00дө башталат.
"Катышуучулар эки дистанцияда жарыша алат. Биринчиси 300 метр сууда сүзүү, 8 чакырымдык вело жүрүш жана эки чакырымга чуркоо. Экинчиси 750 метр сууда сүзүү, 20 чакырым вело жарыш жана беш чакырымга жүгүрүү", — деп жазылат маалыматта.
Каалоочулар www.triathlon.kg сайты аркылуу каттоодон өтөт алышат.