БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 24…29 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30 градус, Ысык-Көл менен Нарын облустарында 24…26 градус жылуу болот.
Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 30 градуска чейин ысыйт.