Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ат жалындагы улакчылар, эрте кеткен булбул…

Жазылуу
Facebook тармагындагы баракчама бир-эки пост жаздым эле, дароо эле "досторум" беттен алышты. Бир билдирүүмдө кыргызстандык дизайнердин эмгеги кытай жарандарын ыңгайсыз абалга калтырганын мактанып жазып койгом, "кайсы кытай чычалаптыр, далилдеп бер" деп айламды кетиришти. Ийгилигибизди жаздым, анын эмнеси жаман?

Адам өмүрүнө кайдыгерлик. Кесиптешим Исмаил Мамытов дагы дал ушундай жагымсыз жагдайга кабылды. Ал дүйшөмбү күнү жумушка келе жатып, көчөдөн эле өзүн жаман сезип, отура калса, тегеректе бир дагы адам абалын сурап кол сунуп койбогонуна нааразы болду. Кесиптешим таарыныч, бук, көңүл калуусун баракка түшүрдү.

Буулуккан булбул. Белгилүү ырчы Элмира Кайып кызынын каза болгонуна кечээ жети күн болуп кетиптир. Көлдүн эрте кеткен ак куусу тууралуу жети факты даярдадык. Сиз дагы көз жүгүртүп, эскерип коюңуз, окурман.

Жаңы окуу жылы. Жаңы окуу жылынан баштап 10 күн катары менен сабактан калган 5-16 жаштагы балдардын аты-жөнү атайын базага киргизиле турган болду. Эми жалкоо болбогула, окуучулар! Окуудан качып, милициянын колуна түшүп берген жакшы иш эмес.

Төө-Ашуудагы тоннель. Күздүн дагы бир белгиси — жайлоодогу малдын жакага айдалып келиши. Чабандар Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу мал айдап өтүп жаткандыктан 5-сентябрдан 30-сентябрга чейин транспорт каттамдарына чектөө киргизилет. Бул учурда кыймылды жөнгө салуу иштерин тоннель кызматкерлери жүргүзөт. Аталган маршрут менен жүрүүнү пландаган айдоочулар жолдун жабылуу графиги менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүп алса болот.

Көңүл жылыткан мамиле. Ошентип кечээ өлкөбүзгө өзбек президентинин мамлекеттик иш сапары аяктап, сыйлуу коноктор өз мекенине сапар алышты. Кошуналар менен мамилелер күн өткөн сайын бекемделип баратканы көргөн адамдын көңүлүн жылытпай койбойт. Коңшу мамлекеттер менен дайыма эле ынтымакта болсок экен дегенден башка тилек жок.

Элди дүрбөткөн Мьянма. Акыркы учурда башкалардын тагдырына кайдыгер карабаган кыргызстандыктарды бушайман кылган Мьянма өлкөсү тууралуу кандай маалыматыңыз бар эле?Биз Мьянма жөнүндө 10 факты даярдадык.

© Sputnik / Табылды КадырбековФинальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке
Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке

Улакчылар парады. Журналист Гүлдана Талантбекова жакында эле Астана шаарында өткөн чемпионатта Кыргызстандын желегин татыктуу желбиретип келген 13 улакчы тууралуу ийне-жибине чейин тизмектеп чыкты. Анык кыргыз жыттанып, ат жалында шамалдай ойногон жигиттер жөнүндө сизге дагы кызык болсо керек.

Аба ырайы. Бүгүн өлкө аймагында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыргызстан өнүгүү жолунда гана болсун!

Жалпыга аманчылык тилеп Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0