Булбулсуз өткөн бир апта. Элмира Кайып кызы тууралуу 7 факты

© Фото / Макал АртЫрчы Элмира Кайып кызынын архивдик сүрөтү
Ырчы Элмира Кайып кызынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура бир жума мурун кыргыз элинин мукам үндүү ырчысы Элмира Кайып кызы дүйнө салган. Ушу тапта ырчынын жакындарынын гана эмес, эли-журтунун да "жаш кетти" деп сай-сөөгү сыздап жаткан чагы.

Мындан улам Sputnik маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова өнөр адамы тууралуу 7 факты даярдады.

Көлдүн ак-куусу эле… 1975-жылы 4-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган. Жети бир туугандын үчүнчүсү. Бала кезинде айтканынан кайтпаган шок кыз болгон. Бирок окуусун жакшы окуп, математика сабагынан республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгон.

Ырчы болом деп окуу жайын алмаштырган. 1992-жылы айылдык орто мектепти күмүш медаль менен аяктагандан кийин атасынын айтканы менен Бишкек шаарындагы Финансы техникумуна өтөт. Бирок чыгармачылыкка каалоосу күч Элмира Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.

Чемпион по боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Орзубек Назаров 51 жашта! Бокс атасы тууралуу 10 факты
"Булбулум" менен пенсияга чыгам деп… Чыгармачылык жолунда Рыспай Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынаар", Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде", Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум" аттуу чыгармаларын аткарып элге таанымал болгон. "Булбулум" ыры тууралуу "Алтынбек Сапаралиев "Ыстаканда кантың бар" ыры менен пенсияга чыгат окшойм" дегендей, Элмирбектин "Булбулу" мени элге таанытып, эми пенсияга чыгарат окшойт" деп айтканы бар эле. Мындан сырткары, "Сүйүү ыры", "Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы", "Жылдыздуу түн", "Кыялдагы мырзага" сыяктуу ырларды ийине жеткире аткарган.

Актрисалык менен куудулдукка шыгы күч ырчы. Убагында шаардык Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын ырчы-солисти болуп иштеп жүргөндө спектаклде ойноп актрисалык дареметин да сынап көргөн. Кесиптештеринин айтымында, куудулдукка да жөндөмдүү эле.

Берилбей калган мамлекеттик сыйлык. Таланттуу ырчы өзүнүн аз өмүрүндө мукам үнү менен угармандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, бирок, тилекке каршы, эч кандай мамлекеттик наам албай кетти.

24 жаштагы Беназир аттуу кызы бар. Ырчылык өнөр кызына да берилген, бирок апасы убагында сахнага чыгышын каалаган эмес. Беназир борбордогу Финансы-экономикалык техникумун аяктап, президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөн. Учурда жеке фирмалардын биринде иштейт.

Шаштырган өлүм. 31-август күнү жүрөгү кармап, ооруканага жетпей көз жумган. Сөөгү 2-сентябрда Бишкектин четиндеги Орок айылындагы мүрзөгө коюлган. Ырчынын жакын курбусу Нуриза Абасованын айтымында, бир жыл мурун гинекологиялык жактан операция болгон. Маркум акыркы кезде жүрөгү сайгылашып жүргөнүн айтып, бирок дартка анчейин маани берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0