00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мирзиёев өз премьерине кыргызстандык кесиптеши менен сүйлөшүп турууну тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин архивдик сүрөтү
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн президенти өкмөт башчылыкты аркалап турганда Кыргызстандын премьери менен болгону төрт гана жолу сүйлөшкөнүн эстеди

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында премьер-министр Сапар Исаков менен кезикти.

Жолугушуу учурунда Исаков президенттер тарабынан макулдашылган келишимдер токтоосуз аткарыла турганын белгиледи.

"Бизге көп жактан телеграммалар келип жатат. Биздин аксакалдар сизге баталарын берүүдө", — деди ал.

Мирзиёев өз кезегинде Исаковду өкмөт башчылыкка дайындалышы менен куттуктап, өзү да 14 жыл бою премьер-министрликти аркалаганын айтып берди.

Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу. Президенттер эмнелерди убада кылышты
"Кандай оор жүк экенин жакшы түшүнөм. Өкмөт башчыдан көп нерсе көз каранды. Тагдыр чече турган кызмат. Президент саясий чечим кабыл алса, премьер аны ишке ашырат. Мындан көп кишинин тагдыры көз каранды. Сиз абдан таланттуусуз, анткени бардыгына анализ жасап, тез кабыл аласыз", — деди президент.

Өлкө башчы эки тараптуу мамилелердин жакшырышын каалабаган адамдар да болуп келгенин белгилеп өттү.

"Алар акыркы 20 жылдагыдай олку-солку абал болуп турушун көздөшкөн. Биз көп өлкөлөр менен чектешип турабыз, анын ичинен Кыргызстан менен болгон чек ара абдан маанилүү. Достуктун чек арасы сөз бойдон кала бербей иш жүзүнө да ашышы керек. Эл биздин туура эмес чечимдерибизден чарчады, алар достошуп, жолушуп турууну каалашат", — деди ал.

Мирзиёев өз ара кызматташуу үчүн бир топ айдың бар экенин белгилеп, анын ичинен Кыргызстанда машина чогултуу, өзбек пахтасын текстиль өнөр жайында колдонуу сыяктуу тармактарга басым жасады.

"Эмне үчүн биз машиналарыбызды Кыргызстандан чогултуп, башка өлкөлөргө сата албайбыз? Эмнеге кездемелерибизди сата албайбыз? Сиздердин тигүү брендиңиздер бар", — деди президент.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Премьер Исаковго батыштын мыкты ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү кеңешчи болду
Ал Өзбекстандын премьер-министрине кыргызстандык кесиптеши менен байма-бай байланышып турууну тапшырганын айтты. "Мен ага: "Сен менден сураба, чал, маселелерди чечкиле" дедим. Мен өзүм өкмөт башчы болуп турганда Кыргызстандын премьери менен болгону төрт жолу сүйлөшкөм. Бул туура эмес. Абдулла Ариповго "Маселе жаралдыбы, жолуккула да чечкиле" дедим", — деп ой бөлүштү Миризёев.

Исаков Бишкекте өткөн бизнес-форумда эки өлкөнүн ишкерлери 115 миллион долларлык келишимдерди түзгөнүн маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Мирзиёев менен Исаков эки өлкөнүн чек арадагы райондорунун акимдер кеңешин түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Эскерте кетсек, Мирзиёевдин сапары 6-сентябрь күнү аягына чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0