00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу. Президенттер эмнелерди убада кылышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек лидери жолугушуу учурунда бир топ талуу маселелер чечилгенин белгиледи. Президенттердин ортосунда эмне жөнүндө сөз болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 5-сентябрь күнү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугуп, соңунда журналисттерге маек курушту.

Алмазбек Атамбаев ушу тапта тарыхый окуя болуп жатканын белгиледи.

“Бүгүн биз чек аранын 85 пайызын аныктоо боюнча келишимге кол койдук, эми болгону 15 пайызы калды. Эң башкысы — каалоо жана саясий эрк болсо бардык маселе боюнча кепке келүүгө болоруна ынандык”, —деди өлкө башчы.

Шавкат Мирзиёев бул чынында эле тарыхый күн экенине токтолду.

“25 жылдын аралыгында бир да чакырым жер аныкталбаптыр, бир жылга жетпеген убакытта 85 пайызы аныкталды”, — деди ал.

Буга чейин мамлекеттик чек аранын 1 170,53 чакырымы же 80 пайызы аныкталганы айтылган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев5-сентябрь күнү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
5-сентябрь күнү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди

Өзбекстанга ээн-эркин кирип чыга алабызбы?

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө чек арасын ээн-эркин кесип өтүү маселеси көтөрүлдү. Атамбаев чек арадан өтүүнүн татаалдыгы Фергана өрөөнүнүн жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратып келерин белгиледи.

“Сүйлөшүү маалында биз бардык маселелер боюнча бир пикирге келдик. Октябрга деп болжолдонуп жаткан менин Өзбекстанга болгон сапарыма чейин бүгүнкү келишимдердин баарын ишке ашырууга аракет кылабыз. Бардык өткөрүү пунктулары ачык болуп, эл ары-бери эркин жүргүдөй болот. Чек ара пикир келишпестиктин эмес, достук менен ынтымактын булагы болушу керек”, — деди Атамбаев.

Өз кезегинде Мирзиёев дагы бул жааттагы аракеттер ишке ашарына ишендирип өттү. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө чек арасын ээн-эркин кесип өтүү маселеси көтөрүлдү
 Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан  - Sputnik Кыргызстан
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө чек арасын ээн-эркин кесип өтүү маселеси көтөрүлдү

Каршылаш тарапташка айланганда

Буга чейин Өзбекстан Нарын дарыясына ГЭС куруу демилгесине каршы чыгып келген. 

“Бүгүн биз суу жана ГЭС куруу маселеси боюнча макулдаштык. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганына сөз берди”, — деди коңшу өлкө президенти.

Ал Өзбекстан аталган долбоорлорго каржы жагынан да, ресурс жагынан да колдоо көрсөтө турганын белгиледи.

“Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз, ал бизге керек”, — деди Мирзиёев. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМаалымат жыйын учурунда эки президент тең бири-бирин боордош атап, жылуу сөздөн аянышкан жок
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Маалымат жыйын учурунда эки президент тең бири-бирин боордош атап, жылуу сөздөн аянышкан жок

Жан эргиткен жылуу сөз

Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Президент Мирзиёев Атамбаевди Өзбекстанга чакырды
Маалымат жыйын учурунда эки президент тең бири-бирин боордош атап, жылуу сөздөн аянышкан жок. 

Атамбаев акыркы жыл ичинде коңшу өлкөдө кескин өзгөрүүлөр болгонуна токтолуп, рфеформалар жүрүп жатканын, мындай ыргак менен Өзбекстан аймактын географиялык эле эмес, саясий да, экономикалык да борборуна айланарын баса белгиледи.

“Сиз Өзбекстан да, Кыргызстан да ондогон жылдар бою күтүп келген абдан прогрессивдүү лидерсиз. Саясий кеменгерлигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем”, — деди Атамбаев.

Өз кезегинде Мирзиёев Атамбаев өлкө башында турган аз жыл ичинде Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу боюнча бир топ аракеттер көрүлгөнүнө токтолду. Муну менен бирге Кыргызстандын ийгиликтерине Өзбекстан эле эмес, башка коңшу мамлекеттер да кубанып жатканын белгиледи.

Мирзиёевдин мамлекеттик сапары 6-сентябрь күнү соңуна чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0