Өзбекстан президенти менен чек ара маселеси сүйлөшүлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек аралардын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен болгон чек аранын 85 пайызы боюнча келишимге кол коюлгандыгын журналисттерге билдирди.

5-6-сентябрдагы мамлекеттик иш-сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте болмокчу.

"Бүгүн сизде тарыхый окуянын күбөсү болдуңуздар. Биз Кыргызстан-Өзбекстан чек аралары боюнча келишимге кол койдук. Негизи, бардык маселе боюнча макулдашууга боло тургандыгына ынандык", — деди Атамбаев.

Буга чейин тараптар чек аранын 1 170 чакырымга жакын аралыгы, тагыраагы 80 пайызы боюнча макулдашууну сүйлөшкөндүктөрүн билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0