Бишкектин айрым бөлүктөрүндө үч күн газ болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентр Бишкека останется без газа на две недели
Центр Бишкека останется без газа на две недели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай өчүрүүлөр оңдоо иштеринен улам болуп жатканын "Газпром Кыргызстан" ишканасы кардарларга эскертет.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 6-сентябрдан 8-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы Садовая, Токмок, Загорская, Кузнечный туюк көчөсүндө жана Жеңиш проспектисинде жаратылыш газы болбой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, 7-сентябрда Токмок шаарындагы Борончиев көчөсүндөгү №30-52 үйлөрдө, Шамсинский №49, Ленин №352-356, Строительная №40, Заводская №51-57, 116а, Татар №33-35а даректеринде газ болбойт.

Мындай өчүрүүлөр оңдоо иштеринен улам болуп жатканын "Газпром Кыргызстан" ишканасы кардарларга эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0