БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жашаган тургундар унаасын туура эмес жерге токтоткон кошунасынын темир тулпарына жугунду төгүп салышты. Бул тууралуу Facebook тармагына Данияр Кубат аттуу колдонуучу жазып чыкты.
Анын айтымында, окуя Москва жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн жанында болгон.
"Биздин короодо ыкшоо айдоочунун унаасынын алдыңкы айнегине жугундуну жаба төгүп салышты", — деп жазды Бишкек тургуну.
Маалыматка караганда, буга чейин жашоочулар айдоочудан бир нече жолу унааны башка жакка токтотуусун суранышкан.