БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында акыйкатчылардын эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, форум 6-сентябрда Бишкек шаарында башталып, 7-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө уланат.
"Үч күндүк форумдун алкагында абактагылардын жана шайлоочулардын укугун коргоо жаатындагы көйгөйлөр козголот. Мындан сырткары, соттук реформа боюнча адистер өз пикирлерин билдирет", — деп жазылат маалыматта.
20 өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган иш-чарада БУУнун Балдарды коргоо комитетинин жетекчиси Рената Винтер негизги конок болот.