Актер Стивен Сигал Сапар Исаковдун өкмөт башчы болгонуна аябай кубанганын айтты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБелгилүү актер Стивен Сигал. Архив
Белгилүү актер Стивен Сигал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер Сапар Исаковдун өкмөт башчылыка келиши менен Кыргызстан дагы да көп нерселерге жетише аларын айткан.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Белгилүү актер Стивен Сигал 31-августа Facebook тармагындагы өздүк баракчасы аркылуу Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. 

Эскерте кетсек, Исаков 26-августтан тарта өкмөт башчылык кызматка киришкен.

“Сонун жаңылык — менин досум Сапар Исаков жакында эле Кыргызстандын премьер-министри болду. Анын жогорку интеллектиси жана иш жөндөмдүлүгүнүн арты менен Кыргызстан дагы да көп нерсеге жетише алат. Менин досум Сапарга ийгиликтерди каалайм! Кыргызстандын келечеги суктанаарлык!” — деп жазган актер. 

Голливуд актеру Стивен Сигал былтыр Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарына колуна калкан кармап, жасалма булгарыдан соот кийип ак боз атчан чыгып парадды ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0