БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Букмекерлер кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Аманда Нуньестен жеңилет деп эсептейт. Бул тууралуу Tennisi сайты жазып чыкты.
Билдирмеге караганда, коюмдардын басымдуу бөлүгү Нуньеске берилген.
Шевченко менен Нуньес 9-сентябрда UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында беттешет. Нуньес кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону титулунун ээси. Ал эми Шевченко ага талапкер.
Эске сала кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка саналуу сааттар калганда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.