Токмоктогу №6 мектептин ремонтуна 23 млн. сомдук тендер жарыяланды

© Sputnik / Владимир Горовых / Медиабанкка өтүүРемонт школы в Брянске
Ремонт школы в Брянске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-августта жарыяланган тендердин мөөнөтү 21-сентябрда аяктайт

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Токмок шаарындагы №6 мектепке капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, башкармалык ремонт иштерине 23 миллион сом сарптоого даяр.

Тендер 30-августта жарыяланып, мөөнөтү 21-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0