Ишемби күнү таңга маал Тоголок Молдо көчөсү менен Чүй проеспектисинин кесилишкен жеринде Lexus үлгүсүндөгү жол тандабас Mazda 6 унаасын сүзүп салганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы болжол менен 4 менен 5тин ортосунда катталган.
"Lexus такси болуп токтоп турган Mazda 6 унаасын сүзүп салды. Таксист атайын кнопканы басып, биз, кесиптештери келип калды. Баамымда, жол тандабастын айдоочусу мас окшойт", — деп айтып берди күбө.
Ал Mazda 6 унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып ооруканага жаткырылганын кошумчалады.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.